Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Түндүк деңизде эки кеме кагышты


Түндүк деңиздин Белгия менен Нидерландиянын жээгине жакын аймагында эки кеме кагышып, бирөө сууга чөгүп кетти. Маалыматтарга караганда, кеменин төрт мүчөсү каза болуп, жети адам дайынсыз жоголууда. Куткаруучулар он үч адамды суудан тирүү алып чыгышты. Бул окуя кемелер тынымсыз жүргөн аймакта кеч киргенден кийин орун алган. (KKs)

XS
SM
MD
LG