Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:23

Грузин парламенти: 190 киши саясий айыпкер


Тибилисидеги добуш берүүдө бул сунушту парламент мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы колдоду. Өкмөт башчысы Бидзина Иванишвилинин Грузиянын Кыялы коалициясы үстөмдүк кылган парламент ошондой эле чет өлкөдө жашаган 25 грузинди саясий качкын деп тапты. Саясий айыпкерлердин тизмесиндегилердин бир канчасы - президент Михаил Саакашвили 2004-жылы бийликке келгенден кийин кесилгендер. Парламенттин адам укуктары комитетинин төрайымы Эка Беселиа мунапыс мыйзамы дайрдалып жаткандыгын, бул тизмедегилердин арасынан ондогон киши жакын арада бошотулаарын бышыктады. Иванишвилинин коалициясы ушул октябрдагы шайлоодо жеңип алган.

XS
SM
MD
LG