Бала асыроо тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, биринчи инстанцияда акталып чыккан мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабиров Башкы прокуратуранын дооматтарын негизсиз деп эсептейт. Сабиров өзүнүн күнөөсүз экенин “Азаттыкка” кабарлап, прокуратура туура эмес маалымат таркатып жатат деп билдирди.
Ноябрь айынын соңунда Башкы прокурор Аидя Салянова Сабировдун коррупциялык аракеттерге аралашканын тастыктоочу далилдер көп экенин билдирген. Ошондой эле прокуратура Биринчи май райондук соттун экс-министрди актаган чечимине макул болбой, Бишкек шаардык сотуна апеляциялык арыз менен кайрылган. Шаардык сот бул арызды качан териштирээри азырынча белгисиз. (KKs)