Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:36

Британ соту Максим Бакиевдин ишин карайт


Бүгүн Улуу Британиянын соту мурдагы кыргыз президенти Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин ишин карайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Британиядагы элчилигинен “Азаттыкка” кабарлашты. Соттук жараянда аны экстрадициялоо боюнча АКШнын өтүнүчү каралат деп күтүлүүдө. Буга чейин Bloomberg басылмасы 7-декабрга белгиленген соттук жараян кийинкиге жылдырылып же башка соттук инстанцияларга өткөрүлүп берилиши мүмкүн деп жазган.

Максим Бакиев АКШнын өтүнүчү менен 12-октябрда Лондондо кармалып, кайра күрөөгө бошотулган. АКШ бийлиги мурдагы президенттин уулуна “баалуу кагаздар менен көз боёмочулук кылган жана башка экономикалык кылмыштарды жасаган” деген айып тагууда. Кыргыз бийлиги Максим Бакиевди “мамлекеттик каражатты өз кызыкчылыгына пайдаланган” жана “апрель окуясынан кийин өлкөдө болгон кутумчул окуяларга тиешеси бар” деп айыптап, ага эл аралык издөө жарыялаган. (KKs)

XS
SM
MD
LG