Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:47

Египет президенти оппозицияны диалогго чакырды


Египет президенти Мухаммед Мурси телеканал аркылуу элге кайрылуусунда өлкөдөгү кризисти чечүү үчүн каршылаштарын “улуттук диалогго” чакырды. Ал калкты биримдикке үндөп, азчылык көпчүлүккө кошулушу керек деп билдирди. Мурси конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум белгиленгендей эле 15-декабрда өтөөрүн кошумчалады.

22-ноябрда Мурси өз укуктарын кеңейткенден бери Египетте нааразылык акциялары өтүп келет. Оппозиция исламчылар басымдуулук кылган ассамблея жактырган конституциянын долбооруна да каршы чыгууда. Каирдеги президенттик резиденциянын алдындагы Мурсинин тарапкерлери менен каршылаштарынын тирешүүлөрүнөн кеминде жети адам каза болуп, жүздөй адам жаракат алды. (KKs)

XS
SM
MD
LG