Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Ван кыргыздарына улуттук аспап жана кийимдер берилет


Бүгүн Бишкекте Түркиянын Ван аймагын мекендеген кыргыздарга улуттук музыкалык аспаттарды жана кийимдерди тапшыруу аземи болот. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, вандык кыргыздар маданиятын сактап калуу үчүн айылдагы клубга улуттук музыкалык инструменттер жана кийимдер керек деп министрликтин департаментине кайрылышкан. Бул белектер Кыргызстанга келген Вандык кыргыздардын өкүлү Рахманкул Хандын уулу Мусага жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде окуп жаткан вандык кыргыз студенттерине берилет. Белектерди сатып алууга “Элим барсыңбы” коомдук кору 33 миң сомдой жардам көрсөткөн.

Түркиянын Ван аймагынын Улуу Памир айылында 3000ге жакын этностук кыргыз 1982-жылдан бери жашап келет. Бул айылда бирден маданий борбор жана мектеп бар. (KKs)

XS
SM
MD
LG