Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн туруктуу өнүгүү стратегиясы боюнча “жол картасын” жарыялады. Анда өлкө башчысы жакынкы беш жылда Кыргызстан дүйнөлүк экономикада өз ордун табышы керектигин айтты. Өлкө өзүнүн кудуретина, күчүнө таянып, өндүрүш керектөөдөн көп болушу керектигин белгиледи. Президенттин пикиринде, сарамжалдык, мыйзамдуулук жана коомдогу биримдик менен ынтымак өнүгүүнүн башкы шарттары болуш керек.
Кыргызстанды экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш бүгүн алгачкы жыйынга чогулду. Президенттин “жол картасы” коомдо эки жума талкуулангандан кийин, алымча-кошумчалар менен Улуттук кеңештин экинчи жыйынында кабыл алынышы керек. Бул кеңеш президенттин жардыгы менен ноябрь айында түзүлгөн. (EBM)