Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:53

Таласта добуштарды кайра саноодо мыйзам бузуу аныкталган жок


Бүгүн Талас шаарындагы №6106 жана №6111 шайлоо бекеттеринде бюллетендер кайра саналды. Жыйынтыгында кандайдыр бир мыйзам бузулган жагдайлар табылган жок.

Добуштарды кайра саноого “Ата Мекен” партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына жазган арызы негиз болгон. БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматов мындан тышкары Талас районунда 7, Бакай-Ата районунда 1 жана Кара-Буура районунда 1 добушканадагы бюллетендер кайра саналаарын "Азаттыкка" маалымдады. (MbA)

XS
SM
MD
LG