Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров адам укуктарын бузган америкалык рамсий өкүлдөргө виза бербей тургандыгын жарыя кылды. Мунун алдында АКШ Сенаты коррупция менен күрөшкөн адвокат Сергей Магницкийдин өлүмүнө жана жалпы эле адам укуктарынын тепселишине тийешеси бар орусиялык мамлекеттик кызматкерлерге санкция киргизген мыйзамды жактырган.
Лавровдун маалымат катчысы Мария Захарова бул кадам «эки тараптуу алакаларга өтө терс таасир тийгизээрин» мындайча белгиледи:
- Бул акылга сыйбаган идеялар театрындагы оюн болуп калды. Вашингтон азыр кайсы заман экенин унутуп, Кансыз согуш бүтө элек экен деген ойдо болсо керек. Же болбосо сенаторлор өз атын чыгарышты гана ойлоп, эки тарап ансыз деле өз аймагына каалабаган кишини киргизбей коё алаарын унутуп коюшту. Бул үчүн атайын бир мыйзамдын кереги жок.