Талды-Курган шаарынын прокурору Владислав Челахты өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратууну талап кылды. 20 жаштагы Челах казак-кытай чек ара бекетинде 14 чек арачынын жана бир токойчунун өлүмү боюнча соттолууда. 15 кишинин өлүгү май айында өрттөлүп салынган бекеттен табылган. Челах башында аларды өлтүргөм деп көрсөтмө берип, кийин андан баш тарткан. Ал кысым болгондуктан күнөөнү мойнуна алгандыгын, бекетке сырттан бирөөлөр кол салгандыгын айтууда. Бүгүн Челахтын жана адвокатынын сунушу менен 19-ноябрда башталган сот ишинде 10-декабрга чейин танапис жарыяланды.