Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

Казакстанда укук коргоочу Асел Нургазиева 12 күнгө камалды


Нургазиева 1 жыл мурун Жаңы-Өзөндө болгон кандуу окуяда жабыркагандардын укугун коргогон. Ал бейшембиде өлкөнүн батышындагы Актау калаасында кармалды.
Сот Нургазиевага бейбаштык жана кармоо учурунда каршылык көрсөткөн деген айып такканын адвокаты билдирип, мындай өкүм саясий максатты көздөөрүн айтты.

Өткөн жылдын декабрь айында Жаңы-Өзөн шаарында демонстрацияга чыккан мунайчылар менен полиция кагылышып, кеминде 16 киши өлүп, ондогон адамдар жараат алган.

XS
SM
MD
LG