Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

Таласта үч кендин тагдыры талкууланууда


Таластагы Арал айылында Жерүй, Андаш жана Талды-Булак алтын кендери боюнча “Эл байлыгы, бийлиги” коомдук бирикмесинин жыйыны өтүүдө. Бирикменин тең төрагасы Күнболот Момоконовдун “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн облустун аймактарынан келген жүз элүү чамалуу адам кендердеги экология маселесин, келечекте аларды иштетүүнүн жолдорун талкуулап жатышат. Аталган бирикме өз сунуштарын иштеп чыгып, бийлик өкүлдөрүнө жөнөтүүнү көздөшүүдө.

Жерүй, Андаш жана Талды-Булак кендериндеги кен казуу иши экологиялык маселелер жана жергиликтүү элдин нааразылыгынан улам үзгүлтүккө учураган. (KKs)

XS
SM
MD
LG