Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:58

Нарында жол кырсыгында үч адам жабыркады

Бишкек - Нарын - Торугарт жолунун 352-чакырымында жол кырсыгында үч адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Анын айтымында, Кызыл-Бел ашуусунда Lexus RX 300 үлгүсүндөгү жеңил унаа жолдон чыгып, тоголонуп кеткен. Окуя болгон жерге куткаруучулар жана тез медициналык жардам барып, жабыркагандар ооруканага жеткирилди. Алар - айдоочу Кубатбек Жумалиев жана эки жүргүнчүсү Айнагүл Сарыбаева менен Эркинбек Байшериев. Үчөө тең Нарындын тургундары. (RK)
Куржундар
XS
SM
MD
LG