Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

Павлюктун жаңы эстелиги ачылды


Маркум журналист Геннадий Павлюктун эстелиги 10-декабр - Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата калыбына келтирилип, кайрадан ачылды. Жаңы эстеликтин ачылышына бүгүн президенттик администрациянын башчысы Данияр Нарымбаев, Бишкек мэри Иса Өмүркулов, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько, коомчулук өкүлдөрү, журналисттер жана маркумдун жакындары катышты.

Кыргызстандык оппозициялык журналист Геннадий Павлюк 2009-жылдын 16-декабрында колу-буту байланган бойдон Алматыда алтынчы кабаттан ыргытылган. Алты күндөн кийин шаардагы ооруканалардын биринде көз жумган. Күнөөлүүлөр сот жазасына тартылды.

Бишкектеги Касымалы Баялинов атындагы китепкананын жанында 2010-жылдын 8-октябрында орнотулган колодон жасалган эстелик быйыл 21-майда уурдалган. (BuS/RK)

XS
SM
MD
LG