Кыргызстандын акыйкатчысына соңку он жылда жардам сурап 200 миң жаран кайралган. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте Адам укугун коргоо боюнча эл аралык күнгө арналып уюштурулган жыйында акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. Анын айтымында, учурда акыйкатчы аппаратында жер-жерлердеги өкүлдөрдү кошо эсептегенде 120 адам эмгектенет.
Бүгүнкү жыйынга президенттик администрациянын, парламенттин, өкмөттүн, бир катар чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. (RK)
Бүгүнкү жыйынга президенттик администрациянын, парламенттин, өкмөттүн, бир катар чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. (RK)