Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Египет: президент армияны "өкмөттү" коргоого буйруду


15-декабрга белгиленген референдумдун алдында кол коюлган жардыкта армиянын офицерлерине "жарандарды камакка алууга укук берет жана коомдук тартипти коргоо максатында" тургундарды полиция менен кызматташууга милдеттендирет. Оппозиция жаңы Конституция долбоорунда түпнегиз адам укуктары сакталбай калганын жана референдум өлкөдөгү бөлүнүп-жарылууну гана тереңдетээрин айтууда.

"Улуттук куткаруу майданы 15-декабрга белгиленген референдумду толугу менен четке кагат", – деди башкы оппозициячыл топ болгон бул майдандын маалымат катчысы Саме Ашур.

Египтеттин президенти Мухаммед Мурси өткөн айдагы өзүнө дээрлик чексиз бийлик алган жардыкты күчүнөн кетирди. Бирок апта соңунда референдум план боюнча өткөрүлө тургандыгын бышыктады. Президенттин колдоочулары менен атаандаштары кагышып, онго чукул адамдын каны төгүлгөндөн кийин армия президенттик ак сарайдын алдында танк жайгаштырган эле.

XS
SM
MD
LG