Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:54

Крым татарлары өз укуктарын сактоону талап кылышты


Украинанын автономдуу Крым жумуриятынын баш калаасы Симферополдо бүгүн эки миңдей крым татары чогулуп, өз укуктарын «кайра жандандырууну» талап кылышты. Эл аралык Адам укуктарын коргоо күнүнө туура келген митингде катышуучулар украин бийликтерин 2013-жылы Украинадагы крым татарларынын укуктары боюнча эл аралык форум уюштурууну колдоого чакырышты.

Крым татарларынын улуттук межилиси бул идеяны 2010-жылы сунуш эткенден кийин аны ЕККУга мүчө мамлекеттер колдоп чыгышкан.

Советтик диктатор Иосиф Сталин 1944-жылы 200 миң крым татарын Борбор Азияга жана Сибирге көчүргөн. Крым татарлары 1957-жылы акталган. Алардын көпчүлүгү 1980-90-жылдары мекенине кайткандан кийин турак жай менен камсыз болбогондугун айтып келишет.

XS
SM
MD
LG