Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Алмазбек Атамбаев Германиянын канцлери Ангела Меркел менен жолугушат


Бүгүнкү күнгө белгиленген жолугушууда эки тараптуу экономикалык кызматташуу тууралуу сөз болорун немис канцлеринин веб-сайты кабарлады. Ал эми адам укугун коргоочу “Хюман Райтс Уотч" уюму кечээ Германиянын канцлери Ангела Меркелди Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшкөндө «адам укуктары боюнча олуттуу тынчсыздануу билдирүүгө» чакырган. Уюмдун билдирүүсүндө Кыргызстандын түштүгүндө адам укугунун бузулушу айыпталып, кыргыз бийликтерине түрмөлөрдөгү кыйноолорду жана укук коргоочуларды коркутуп-үркүтүүнү токтотуу талап кылынышы зарыл деп айтылат.

Президент Алмазбек Атамбаев эки күндүк расмий сапар менен Германияга кечээ жөнөп кеткен. Сапарга аттанаар алдында президент эл аралык Адам укуктарын коргоо күнү менен куттуктап: "Биздин максат - жарандар жашаган жери, улуту жана дини боюнча бөлүнбөгөн мамлекет куруу", - деп белгилеген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG