АКШнын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Ооганстанда кырдаал бир аз турукташып баратат жана коопсуздук маселесин ооган күчтөрү колуна алууда. Ошол эле учурда анда Ооганстанга коңшу Пакистан кооптуу аймак катары калып жатканы, террорчулар Пакистандын аймагын чабуул жасоого даярдык көрүүчү лагер катары колдонуп жатканы жазылган. Мындан тышкары ооган өкмөтүнүн бийлиги чектелүү болуп жатышы жана аймактагы коррупция да Ооганстандын узак мөөнөттүү туруктуулугуна жана жашоо коопсуздугуна коркунуч туудурган жараян катары сүрөттөлгөн.
Ооганстандагы кырдаал тууралуу отчет Конгресстин кароосуна дүйшөмбү күнү берилди.
НАТО баштаган антитеррордук күчтөрдүн альянсы аскерлерин Ооганстандан 2014-жылы чыгарып кетери айтылып келет. (ZKo)
Ооганстандагы кырдаал тууралуу отчет Конгресстин кароосуна дүйшөмбү күнү берилди.
НАТО баштаган антитеррордук күчтөрдүн альянсы аскерлерин Ооганстандан 2014-жылы чыгарып кетери айтылып келет. (ZKo)