Ушу тапта Жалал-Абадда шаардык кеңешке өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразылардын митинги жүрүп жатат. "Азаттыктын" кабарчысынын айтымында, акция эми башталууда, аянтта элүүдөн ашык адам турат. Алар өзүлөрүн жети партиянын өкүлү экенин айтууда. Жети участоктогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарып, аймактык шайлоо комиссиясын таркатуу талабы менен 29-ноябрда эле БШКга кайрылганын, бирок жооп болбогондуктан бүгүнкү митингге чыгып жатканын билдирүүдө.
Ал эми аймактык шайлоо комиссиясынын жетекчилиги аны таркатууга эч негиз жок деп "Азаттыкка" билдирди.
25-ноябрда Кыргызстандын 25 шаардык жана 416 айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо өткөн. Жалал-Абадда 31 мандат үчүн 25 участокто добуш берүү жүргөн. Өз талапкерлерин 10 партия көрсөткөн. Үчөө гана - Өнүгүү партиясы, "Ата-Журт" жана Социал-демократия партиясы жетиштүү добуш ала алган.
Бүгүнкү митингге мандат тийбей калган "Ата-Мекен", "Бүтүн Кыргызстан", "Замандаш-Современник", "Ак-Шумкар", "Республика", "Эгемен Кыргызстан" жана Коммунисттер партиясынын өкүлдөрү катышаары кабарланган. (YA/RK)