Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:26

Жалал-Абадда жер силкинди


Жалал-Абад облусунда бүгүн түштөн кийинки саат 3тө жер титиреди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, жер титирөөнүн очогу Жаңы-Акман айылында болду. Бул айыл Базар-Коргон райондук борборунан 7 чакырым, Жалал-Абад шаарынан 20 чакырым аралыкта жайгашкан. Жаңы-Акманда 2,5, Базар-Коргондо 2 балл болду. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Соңку эки күндөн бери бул Кыргызстандын аймагында катталган үчүнчү жер титирөө. Бүгүн эртең менен Ноокат районунда эпицентринде 3 балл болгон жер титирөө катталды. 9-декабрда кечинде Өзгөндө 4 балл болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG