Бишкек шаар милициясынын жаңы башчысы Мелис Турганбаев эртең райондук ички иштер башкармалыктарын кыдырат. Бул тууралуу бүгүн шаар милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты. Мелис Турганбаев райондук милиция имараттарынын абалы, кызматкерлердин иштөө шарты менен таанышат. Шаардык ички иштер башкармалыгына жетекчи болуп Мелис Турганбаев 15-ноябрда дайындалган. Ага чейин ички иштер министринин орун басары болуп иштеген. (RK)