Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Жалал-Абад: Токойлорду сактоого молдолор да тартылат


Жалал-Абадда калк арасында токойлорду сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө мечит кызматкерлери да тартылмай болду. Бул тууралуу “Түштүк ЛесИК” коомдук-экологиялык бирикмеси АКШнын “Кристенсен” фондунун каржылык колдоосу менен уюштурган семинарда айтылды.

Семинардын уюштуруучулары облустун жаңгак токойлуу айыл-кыштактарынын молдо-имамдарын дүйнөдөгү сейрек жаңгак токойлорун сактоого эл арасында үгүт-насаат иштерин жүргүзүүгө чакырды. Иш-чаранын уюштуруучусу, окумуштуу Закир Сарымсаков Жалал-Абад, Ош, Өзгөндө башында 57-60 миң гектар болгон жаңгак токой аянттары азайып олтуруп азыркы учурда 47 миң гектар калганын билдирди.

Семинарда жаңгак токойлорун коргоо үчүн айланасындагы калкты арзан электр жарыгы, отун-көмүр, жумуш менен камсыздоо, токойдо жайылган мал санын чектөө, курулушка тыюу салуу, аларды айыл өкмөттөргө өткөрүп берүү сунуштары айтылды. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG