Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 01:52

Беларус президенти Курманбек Бакиевдин пенсиясына кызыкты


Александр Лукашенко кечээ КМШ, Балтика өлкөлөрүнүн жана Грузиянын журналисттери менен жолугушууда Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев Беларуста жашап жатканын айтып, кыргыз бийлигинен Бакиевдин пенсиясын Беларуска которуп берүүсүн өтүндү. Ал ошондой эле Курманбек Бакиевдин балдары беларус тилин үйрөнүп алышканын айтып, 2010-жылдын апрелин, Бакиевдин Беларуска кантип келип калганын да эстегенин “Азаттыктын” Беларус кызматы жазды.

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев 2010-жылы 7-апрелде бийликтен куулган. Ал 2005-жылы өзүндөй болуп бийликтен куулган Аскар Акаевдин ордуна мамлекет башына келген эле.

Курманбек Бакиев 2010-жылдын 15-мартынан бери үй-бүлөсү менен Беларуста жашайт, ага Беларус президенти Александр Лукашенко жеке чечими менен саясий башпаанек берген, кийинчерээк Бакиев беларус жарандыгын алган. (ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG