Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:21

Египет оппозициясы референдумга каршы чыгууда


Египеттеги негизги оппозициялык кыймыл жаңы Конституция боюнча 15-декабрда болчу жалпы элдик референдумда “жок” деп добуш берүүгө үндөөдө. Улуттук куткаруу фронтунун билдиришинче, добуш берүүнүн жүрүшүн көзөмөлдөгөнгө юристтер жетишсиз болсо жана жарандардын коопсуздугу татыктуу камсыздалбаса, алар элди референдумду бойкот кылганга чакырат. Оппозициянын ырасташынча, жаңы Конституциянын долбоорунда жарандардын укуктары толук камсыздалган эмес. Долбоорду президент Мухаммед Мурсини колдогон исламчылар башындагы комиссия даярдаган.

XS
SM
MD
LG