Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:30

Баткен: Өкмөт башчы чек араны кыдырат

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Баткенге иш сапар менен барып чек араны кыдырат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн «Азаттыкка» маалымдашты.

Жума соңунда премьер-министр эки күндүк иш сапар учурунда Баткен жана Лейлек райондорун кыдырып, облустун активи менен жолугат. Аймактын социалдык-экономикалык абалы талкууланат. Мындан тышкары Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунун чек аралаш аймактарын кыдырып чыгаары айтылды.

Бул Жантөрө Сатыбалдиев өкмөт башчы болгондон берки аймакка биринчи жолку иш сапары. (JsA/RK)
XS
SM
MD
LG