Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:40

Кытайда Айтматовду эскеришти


Үрүмчү шаарындагы Шинжаң педогогика университетинде "Айтматов жана кытай адабияты" аттуу чогулуш болуп өттү. Ага кыргыз, казак, уйгур окумуштуулары жана студенттер болуп жүз элүүгө жуук киши катышты. Жыйында Айтматовдун чыгармачылыгына арналган макалалар жана анын чыгармаларынан кыргыз, уйгур, кытай тилинде үзүндүлөр окулду, Айтматовдун көзү тирүүсүндө тартылган айрым тасмалар көрсөтүлдү. Улуу жазуучунун туулган күнүн утурлай өткөн мындай чогулуштар Кытайдын башка шаарларындагы университеттерде кыргыз студенттери тарабынан уюштурулуп жатканы жөнүндө кытайлык кыргыздардын интернет сайттарында кабарланууда. (Бектур Илияс, Үрүмчү)

XS
SM
MD
LG