Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Украинада депутаттар мушташты


Оппозициячыл депутаттар менен бийлик партиясынан шайланган эл өкүлдөрү мушташып кеткенден кийин Украинанын жаңы парламентиндеги жыйын токтоп калды. Мушташ бийликтеги Региондор партиясы спикерге көрсөткөн талапкерин колго салууга оппозициячыл депутаттар каршылык көрсөткөндөн улам башталды. Жыйын кечинде уланат деп күтүлүүдө. Парламенттин шаршембидеги ачылыш жыйынында оппозициядагы депутаттар Микола Азаровду экинчи жолу өкмөт башчысы болушуна макул болбой коюшкан.

Региондор партиясы 28-октябрдагы шайлоодо бир катар мандаттарынан ажырап, бирок парламенттеги көпчүлүк макамын сактап калышкан.

XS
SM
MD
LG