Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:46

Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча К.Бакиев менен Ж.Бакиевдин соту уланат


Соттук териштирүү Бишкек гарнизондук аскер соту тарабынан каралат. Өткөн жумада алардын адвокаттары жоктугуна байланыштуу сот жараяны болбой калган.
Мурдагы президент Курманбек Бакиев менен анын иниси Жаныш Бакиевге мурдагы президенттик администрация башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүн уюштурган деген айып тагылып, алар чет жакта качып жүргөнүнө байланыштуу сырттан соттолууда. Эки апта мурун ушул эле Бишкек гарнизондук аскер соту Садыркуловдун өлүмүн ишке ашырган жана аларга көмөктөшкөн делген 7 кишиге өкүм чыгарган.
Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов 2009-жылы 13-мартта мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Аны менен кошо айдоочусу Кубат Сулаймановдун жана аналитик Сергей Слепченконун өрттөнүп кеткен сөөктөрү Аламүдүн капчыгайынан табылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG