Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:01

Бүгүн Бишкекте жаңы жылдык балатынын оту жанат

Борбордук аянттагы балатынын оту шаар мэри Иса Өмүркуловдун катышуусунда саат 19:00дө күйгүзүлөт.  Балатынын бийиктиги 23 метр. Борбор калаада жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүү үчүн шаардык бюджеттен 4 млн. сом сарпталат. Вице-мэр Айгүл Усубакунованын маалыматы боюнча 19-декабрда Бишкектеги балдардын “Сейтек” борборунда мүмкүнчүлүгү чектелүү  жана аялуу балдар үчүн жаңы жылдык майрам уюштурулат, ага 600дөн ашуун бала чакырылган.(ZKo)
XS
SM
MD
LG