Кыргыз улуттук китепканасында кытай борбору ачылат. Бул тууралуу бүгүн аталган китепканадан кабарлашты.
Борбордо кытай тилин үйрөнүп, бул өлкөнүн тарыхы, маданияты менен жакындан таанышууга шарт түзүлөт. Түрдүү конференция, семинар жана жолугушуулар уюштурулуп турат.
Былтыр Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги улуттук китепканага китеп, журнал жана CD дисктерди белекке тартуулаган.
Кыргыз улуттук китепканасынын фонду алты миллионго жакын. Токсондон ашык тилде жазылган китеп бар. (RK)