Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:18

Freedom House: Кыргызстанда дин эркиндиги чектелүү


Кыргызстанда дин эркиндиги чектелүү бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн Freedom House уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Аталган уюмдун программалык директору Стюарт Кандын "Азаттыкка" айтымында, 2008-жылы кабыл алынган мыйзамда бир катар чектөөлөр бар. Мисалы диний уюмдун курамында 200дөн кем эмес кишиси, кеминде тогуз сыйынуучу жайы, 15 жылдан кем эмес убакыттан бери иштеп келаткан жамааты болушу керек деген жана башка шарттар бар.

Бирок Дин иштери боюнча комиссиянын өкүлдөрү мындай пикирге каршы экенин айтып, Кыргызстанда дин эркиндигине чектөөлөр жок деп "Азаттыкка" билдирди. Чыныгы жагдайды билиш үчүн коңшу республикалардагы абалды талдап көрүү сунушун айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG