Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:57

Политковскаяны өлтүрүүгө катышкан полициячы 11 жылга эркинен ажырады


Орусияда сот журналист Политковскаяны өлтүрүүгө катышкан деп шектелген мурдагы полициячыны 11 жылга эркинен ажыратты.

Москвадагы сот экс-полициячы Дмитрий Павлюченковду журналист Политковскаянын баскан-турганын аңдып кабарлап, ок аткан адамга тапанча бергени үчүн күнөөлүү деп тапты. Соттун бүгүнкү өкүмү менен Павлюченков маркум журналисттин үй-бүлөсүнө 3 миллион рубль төлөп берүүгө да милдеттендирилди.

Анна Политковскаяны өлтүрүүгө тиешеси бар алты киши сот жообуна тартылууда.

 

XS
SM
MD
LG