Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

Орусияда оппозициячы Навальныйга каршы дагы бир кылмыш иш ачылды


Орус бийликтери оппозициячы Алексей Навальныйга каршы дагы бир кылмыш ишин ачышты.

Федералдык тергөө комитетинин маалыматына караганда, Начальный бир тууганы Олег экөө өзүлөрү иштеген соода компаниясы аркылуу 2 миллион долларга жакын каражатты уурдаган деп шектелүүдө.

Алексей Навальный коррупцияны ашкерелеген блоггер катары аты чыккан, былтыр ал Путинге каршы нааразылык акцияларын уюштурган. Ага буга чейин да кылмыш иши козголгон. Навальный өзү бардык айыптоолорду саясий куугунтук катары баалап, бүгүн анын иниси менен ата-энесинин үйүн полиция тинтүүгө алганын Твиттерде кабарлады.

XS
SM
MD
LG