Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:09

Мусулмандар дин башкармалыгынын уламалар кеңеши шайланды


Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын уламалар кеңешинин курамы кайрадан шайланды. Бул бүгүн Бишкекте өтүп жаткан мусулмандар курултайында каралчу маселелердин бири болчу. Уламалар кеңешине 35 адам бекитилди. "Азаттыктын" кабарчысы билдиргендей, аталган кеңештин жыйыны жабык өттү. Бул мурда айтылбагандыктан журналисттер жана башка кире албай калгандар нааразы болушууда.

Бүгүнкү курултайда аталган башкармалыктын уставы да кайра каралмак. Бирок ар кандай талаш-тартыштардан улам ал кийинкиге жылдырылды.

Курултайдын үчүнчү маселеси - Мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы - муфтий шайлоо. Муфтийликке талапкерлер алдын-ала белгилүү болбой жаткан. Жыйында айтылгандай, талапкерлиги көрсөтүлүп жаткандар: азыркы муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматулла ажы Эгембердиев, Кимсанбай ажы Абдырахманов, Садыбакас Доолос, Абдышүкүр Нарматов, Максат ажы Токтомушев жана башкалар. (ZB/AKu)

XS
SM
MD
LG