Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:59

Кулунду-Максат көпүрөcүн курууга тажик тарап макул болду


Баткен облусунда Кулунду-Максат көпүрөсүн курууга тажик тарап макулдук берди. Бул тууралуу Лейлек районунун акими Тилеберди Арипов «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, мындай макулдашууга 15-декабрда Тажикстандын Кожент шаарында өткөн кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясынын жыйынында кол коюлду. Анда кыргыз тараптын талаптары эске алынып, Максат жана Кулунду айылдарын бириктирген 23 жана 42 метрлик эки көпүрөнү курууга жол ачылды. Аталган көпүрө 2013-жылдын биринчи кварталында курулуп бүтөт.

Эки жылдан бери Лейлектин төмөнкү аймагына көз карандысыз жол куруу аракети 75 гектар аныкталбаган жердин айынан жана кошуналардын каршылыгынан улам токтоп турган. Бул көпүрө курулса, Лейлек районунун төмөнкү аймагында жайгашкан 50 миңдей тургун Тажикстанга барчу көз карандысыз жолго ээ болмокчу. (JsA)

XS
SM
MD
LG