Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:25

Бишкекте үй-бүлөдөгү зомбулуктарга каршы күрөшүү жолдору талкууланат


Бишкекте бүгүн өтчү конференцияда үй-бүлөнү сактоонун жана андагы балдар, аялдардын укуктары жаатындагы мамлекеттик саясат талкууланат. Анын уюштуруучуларынын бири, “Балдардын укугун коргоо лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекованын билдиришинче, соңку кезде Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча фактылар көбөйүп, андан көбүн эсе балдар жана аялдар жабыр тартып жатканы аныкталган. Конференцияда ушундай көрүнүштөргө биргелешип каршы туруунун чаралары сунушталат.

Талкууга өкмөт, парламент мүчөлөрү, эл аралык жана бейөкмөт уюм өкүлдөрү катышат.(BkA)

XS
SM
MD
LG