Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Газсыз, жарыксыз жашоо башталды


Сууктун катуулашы менен газ өчүрүлүшү элди түйшүккө салууда.
Сууктун катуулашы менен газ өчүрүлүшү элди түйшүккө салууда.

Бишкекте жана анын жака-белиндеги жер тамдардын баарына көгүлтүр от берүү токтоду.

Ошондой эле Токмок, Кант шаарларынын айрым райондорунда, ишканаларга газ берүү үзгүлтүккө учурады. Мындан улам электр энергиясын керектөө үч эсеге өсүп, авариялык өчүрүүлөр көбөйдү.

Кыргыз өкмөтү газ берүү бир жуманын ичинде калыбына келтирилерин убада кылууда. Ал арада айрыкча социалдык тармактарда свети да, газа да жок отургандар жол тосуу өңдүү нааразылык акцияга чыгууга үндөп жатат.

Бишкектин Кызыл-Аскер кичи районунун жогору жагына газ берүү 16-декабрда эртең менен токтогон экен. Бул жерде жашаган Салия аттуу айым андан көп өтпөй свет да өчкөнүн, карбалас жашоо башталганын айтып берди:

- Үйүбүздү газ, свет менен жылытабыз. Экөө тең жок, үйүбүз муздак. Мешке көмүр жактык, бирок такыр жылыта алган жокпуз. Жадагалса чай кайната алган жокпуз. Эшикте 20 градус суук, эшикке да от жага албайбыз. Кечээ кечке туугандардыкына барып жүрдүк. Кайра кечинде муздак үйгө барып жаттык. Үч балам бар. Дагы жакшы, менин балдарым кичине чоңоюп калган, жылуу кийинип кымтыланып отурушат. Кичинекей балдары бар кошуларабыз эмне кылаарыбызды билбей жатабыз деп отурат. Кызыл-Аскерде свет ансыз деле алсыз болчу. Азыр да үлүңдөп турат. Эмне кылышты билбей эле отурабыз. Коңшуларабыз “биз да чыгып көчөнү жабалыбы” дешет. Жол жапсак эле чечип жиберишмек беле, 20 градус суукта койгула дедим.

“Кыргызгаз” ишканасы Казакстандан келген газдын басымы азайгандыктан Бишкекте жана анын айланасындагы райондордо газ менен жылытылган үйлөрдүн баарында көгүлтүр от берүү токтотулганын кабарлады. Ошондой эле 13 ишкана да убактылуу газ албай калды. Ушундай эле проблемалар Кант менен Токмок шаарларында да бар.

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Райымбек Мамыров газ берүү кеминде бир апта ичинде калыбына келтирилиши ыктымал экенин, газ менен кошо электр энергиясында да кыйынчылыктар жаралганын билдирди:

- Өзбекстан жана Казакстандан келчү газдын басымы азайды. Саатына 50 миң куб метр ала турган болсок, азыр болжол менен эки эсе аз алып жатканыбызга байланыштуу көп жерлерде газдын берилиши токтотулду. Буга байланыштуу электр энергиясында да кыйынчылыктар болуп жатат. Мисалы кечээки эле сутканы ала турган болсок, республика боюнча электр энергияны пайдалануу 64 миллион киловатт саатка жетти. Бул жай мезгилине караганда үч эсеге көп.

Ушул тушта Бишкекте айрым көп кабаттуу үйлөр да газсыз отурганы кабарланууда. “Кыргызгаз” ишканасынын жетекчисинин орун басары Куралбек Наскеевдин айтымында, шаар тургундарынын, мамлекеттик мекемелердин карызына карабай көп кабаттуу үйлөргө, социалдык объекттерге газ берүү чектелген жок:

- Көп кабаттуу үйлөр, социалдык объекттерди, оорукана, мектептерди кармап калыш керек болуп жатат. Олчойгон карызына карабай шаарда 23 үч чоң мештин бирөөнү да өчүргөн жокпуз. Алардын жалпы карызы 6,5 миллион доллар. Ошол эле учурда биз Казакстанга 3 миллион доллардан ашык карызбыз. Өзбекстанга бересебиз 200 миң доллардай.

Өлкөнүн түндүк жагында кыш келгенден бери ушуну менен экинчи жолу газ берүү үзгүлтүккө учурап жатат. Өткөн айдын этек ченинде да газ басымы азайып кеткендиктен Бишкек, Кант жана Токмок шаарларынын айрым райондору газсыз калган.

Азыр суук катуу болуп газы да, свети да жок отургандардын нааразычылыгы күчөп жатат. Айрыкча Твиттер, Фейсбук өңдүү социалдык тармактарда жол тосуу өңдүү акцияларга үндөмөй көбөйдү. 17-декабрда Ала-Тоо аянтына белгиленген нааразылык акция сууктан улам болбой калды.

Ал арада кыргыз өкмөтү авария көбөйгөндүктөн Бишкекте көнүл ачуучу жайларда, мончо, сауналарда электр энергиясын берүүнү убактылуу токтотуу тууралуу чечим кабыл алганы маалым болду.
XS
SM
MD
LG