Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Брюсселде Тоолуу Карабак чатагы талкууланды


Тоолуу Карабак чатагын Азербайжан менен Евробиримдиктин өкүлдөрү Брюсселдеги кездешүүдө талкуулашты. Евробиримдикте талаштуу регион боюнча Азербайжан - Армения ортосундагы токтоп турган сүйлөшүүнү кайра жандантуу ниети бар. Бирок Биримдиктин өкүлү, Кипрдин тышкы иштер министри Эрато Козаку-Маркуллис жыйырма жылдан бери талаш жөндөлбөй жатканын, Брюсселде чатакка арачылык кылып жаткан ЕККУнун Минск тобуна кошулайын деген ыкласы жок экенин билдирди. Сүйлөшүүдөн кийинки пресс-конференцияда Азербайжан тышкы иштер министри Элмар Мамадияров расмий Баку Тоолуу Карабактан Армениянын аскерлерин чыгарып кетүүсү үчүн бар аракетин жасаарын эскертти.

XS
SM
MD
LG