Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Украин президентинин Орусияга сапары кийинкиге калды


Путин менен Янукович акыркы ирет Ашхабадда жолуккан. 5-декабрь, 2012-жыл.
Путин менен Янукович акыркы ирет Ашхабадда жолуккан. 5-декабрь, 2012-жыл.
Виктор Янукович Москвада орус президенти Путин менен газ баасын талкуулары күтүлгөн. Бирок орус президентинин кеңешчиси Юрий Ушаковдун айтымында, визит белгисиз мөөнөткө кол коюлуучу документтерди даярдоого убакыт талап кылынганына байланыштуу жылдырылды.

Украина азыр Орусияга газ үчүн абдан эле кымбат баа, же 1000 кубметрине 430 доллар төлөп жатканына нааразылык билдирип жүрөт. Бирок расмий Киев газ баасынын төмөндөшү үчүн Орусия койгон шарттарды кабыл алуудан да баш тартып келүүдө.

Москва Украинанын орус газын Батыш Европага чыгаруучу куурларынын менчик ээси болууну кааларын жашырган эмес. Ага катар Орусия Украинаны азыр өзү, Казакстан жана Беларус мүчө Бажы союзуна кирүүгө үндөп жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG