Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:23

Аба ырайы: айрым аймактарда суук дагы күчөйт


Шашылыш эскертүү

18-20-декабрда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137 км, 198-265 км.), Каракол-Энгилчек (45-90 км), Мырз-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90 км, 145-150 км.), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100 км.) тоолуу автожолдорунда кар көчкүсү, кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо сунуш кылынат.

19-декабрда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда кар жаайт, айрым жерлерде арбын жаайт, күндүз кар кээ бир райондордо жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамал түндүк-батыштан, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл кылаасында 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -19…-24, түндүгүндө -25…-30, күндүз -14…-19, түндүгүндө -17…-22,
Талас облусунда түнкүсүн -22…-27, күндүз -14…-19,
Баткенде түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…-8 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -2 …-7,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5,
Нарында түнкүсүн -11…-16, күндүз -6…-11,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -19…-24, күндүз -10…-15,
Тоолордо түнкүсүн -17…-22, ал эми күндүз -10…-15 болот.


19-декабрда Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамал түндүк-батыштан, ылдамдыгы 2-7 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 20…22 градус суук, күндүзгү жогорку температурасы 15…17 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG