Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:15

Украинада сууктан 37 адам көз жумду

Украинанын колун үшүккө алдырган жараны. Киев, 18-декабрь, 2012-жыл.
Украинанын колун үшүккө алдырган жараны. Киев, 18-декабрь, 2012-жыл.
Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин шейшембидеги билдирүүсүнө караганда, ушул айдагы сууктан каза тапкан 37 адамдын көпчүлүгү үй-жайсыздар. Алардан тышкары үшүккө алдырып, ооруканага 160тан ашуун киши түшкөн.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, ызгаарга байланыштуу өлкө боюнча адамдарды тамак-аш жана башпаанектөөчү жай менен камсыздоочу 1500дөй борбор уюштурулду.

Украинада былтыр да ызгаардан улам ондогон кишинин өмүрү кыйылган. (UE)
XS
SM
MD
LG