Президент Алмазбек Атамбаев кечээ Орусиянын бириккен аскер базасынын макамы жана Кыргызстанда жайгашуу шарттары тууралуу Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда түзүлгөн келишим тууралуу мыйзамга кол койду.
Мыйзамды Жогорку Кеңеш 13-декабрда ратификациялаган болчу. Келишимге ылайык, Балыкчы шаарындагы сыноо полигону орус тарапка акысыз ижарага берилет. Анын иштөө мөөнөтү 15 жыл жана дагы 5 жылга узартуу мүмкүнчүлүгү бар.
Бириккен аскер-аба базасы боюнча эки тараптуу макулдашууга быйыл сентябрда кол коюлган.(BkA)