Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

Эл аралык фестивалда кыргыз режиссерунун тасмасы сыйлык алды


Дубайда 9-16-декабрда өткөн IX эл аралык кинофестивалда кыргызстандык режиссер Наргиза Маматкулованын “Жымжырт” аттуу кыска метраждуу тасмасы “Мыкты режиссердук эмгек" жана калыстардын атайын сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу режиссер эмгектенген кыргыз-түрк “Манас” университетинен кабарлашты.

Маматкулованын бул тасмасы өткөн аптада Бишкекте жыйынтыкталган “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” аттуу эл аралык кинофестивалда "Мыкты режиссердук эмгек" деп табылган.

Ага чейин режиссердун “Сөйкө” аттуу фильми 2010-жылы Дубайда VI эл аралык фестивалда баш байгени жеңип алган. (BkA)

XS
SM
MD
LG