Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:09

Мектеп окуучулары каникулга бир жума эрте чыгат


Билим берүү министрлигинин маалымат катчысы Керез Жукееванын “Азаттыкка” билдиришинче, Кыргызстанда мектептерде кышкы каникул бир жума эрте, тактап айтканда, 24-декабрда башталат. Буга Санитардык-эпидемиологиялык башкармалыктын балдар арасында суукка урунган, сасык тумоо менен ооруган учурлар көбөйүп жаткандыгы тууралуу корутундусу себеп болду. Жукееванын айтымында, бул мектептеги окуу процессине көп деле таасир этпейт. Календарга карап эсептегенде балдар жазында мурдагыдай 1 жума эмес, 5 күн эс алат.

Бүгүн парламентте сууктун мизи кайткыча кенже класс окуучуларын каникулга чыгаруу демилгеси көтөрүлгөн болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG