Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:29

Алтай: кыргызстандык жана казакстандык 33 жолоочу арабөк калды


12-декабрда Бишкектен Орусиянын Красноярск шаарына бараткан 33 адам учурда Алтай крайынын Мамонтово районуна караштуу Луганск деген мектебинде үч күндөн бери баш калкалап турушат. 33 адамдын 23ү кыргыз, ону казак жараны, арасында үч бала, 2 кош бойлуу келин жана эки пенсионер бар. Эки киши 2 күндөн бери ооруп жатат.

Мектепке аларды Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар кызматы жеткирген. Бул тууралуу алардын өкүлү Оксана Мүсүралиева “Азаттыкка” телефон аркылуу бүгүн билдирди. Анын айтымында, алар жолдо арабөк калышты.

Аларды Красноярскиге жеткирмекчи болуп, бузулуп калган Бишкек- Красноярск каттамындагы автобустун айдоочусунан Красноярскка жеткирүүнү талап кылышууда. Автобус алардан 17 чакырым аралыкта бузулуп жатканын билдирген айдоочу жардам бере албай турганын айткан. Жүргүнчүлөрдүн акчасы түгөнүп, тамак-ашы жок, телефон аркылуу ар кимден жардам сурашууда.(YA)

XS
SM
MD
LG