Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

Караколдо адам сатууга каршы акция өтөт


20-декабрда Каракол шаарында “Адам сатууну бирге токтотобуз” аттуу акция өтөт.
Бул тууралуу “Азаттыка” “Лидер” коомдук бирикмеси билдирди. Расмий
маалыматка ылайык, жылына беш миңден ашуун кыргызстандык жарандар
кулдукка дуушар болуп, адам аткезчилигинен жана эмгек эксплуатациясынан жабыркашат.

“Лидер” коомдук бирикмеси 2006-жылдан 2012-жылга чейин талкаланган тагдырларга туш болуп, ден соолугунан айрылган жана адилетүүлүкө ишенүүдөн үмүт үзгөн 191 жабыркоочуну таап, аларга тиешелүү жардамдарды көрсөткөн. Адам сатуу - баңгизат жана курал аткезчилигинен кем калбаган азыркы доордун көйгөйлүү маселеси болууда. Бул иш-чара “Лидер” коомдук бирикмесинин демилгеси менен “Борбор Азиядагы адам аткезчилигине каршы күрөшүү” программасынын алкагында ЮСАИД уюумунун каржылоосунда ишке ашмакчы. (MK)

XS
SM
MD
LG