Бенгазидеги чабуул боюнча комиссия бүтүмүнөн соң АКШнын мамлекеттик департаментинин үч кызматкери отставкага кетти. Кызматтан кеткендердин арасында АКШ мамлекеттик катчысынын дипломатиялык коопсуздук жана эл аралык программалары боюнча жардамчылары бар.
Шейшемби күнү Ливиянын Бенгази шаарындагы Кошмо Штаттардын консулдугуна сентябрдагы кол салууну иликтеген көз карандысыз комиссия бүтүмүн жарыялаган. Анда Мамлекеттик департамент чет өлкөдөгү дипломаттык миссиялардын коопсудугун камсыздоо боюнча жетиштүү чара көрүлбөгөнү айтылат. АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон Көз карандысыз комиссиянын бүтүмүнө макул болуп, АКШнын чет элдеги өкүлчүлүктөрүнүн коопсуздугун чыңдоо үчүн кошумча акча издей турганын билдирген.
Ушул жылдын 11-сентябрында АКШнын Бенгазидеги консулдугуна жасалган чабуулда элчи Крис Стивенс жана америкалык дагы 3 киши набыт кеткен.