Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:25

Алтайда жолдо калгандар бүгүн Красноярскиге жөнөтүлөт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Новосибирсктеги башкы консулунун атташеси Мээримбек Апышев билдирди. Анын айтымында, жолдо калган 33 кыргызстандык бүгүн жолго чыгат. Аларды Ташкенттен Красноярскиге бараткан бош оруну бар автобус менен жеткирүү макулдашылды.

Бишкектен Красноярск шаарына бараткан 33 адам түшкөн автобус бузулуп жолдо калган. Учурда алар Алтай крайынын Мамонтово районундагы мектепте үч күндөн бери баш калкалап турат. Алардын арасында үч бала, кош бойлуу келин жана эки пенсионер бар. Эки киши 2 күндөн бери ооруп жатат. Мектепке аларды Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар кызматы жеткирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG