Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Катуу бороондон улам үч райондо жол жабылды


Алай районунда кечээ түнү болгон катуу бороондон улам Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолундагы Тоң-Мурун ашуусу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматкери Абдишарип Бекилов билдирди. Унаа жолду тазалоого техникалар тартылганы менен бороондон уланып жаткандыктан тазалоо иши кыйынчылык менен коштолууда. Мындан тышкары кечээ түнү болгон бороондон улам Жети-Өгүз районундагы Барскоон-Ак-Шыйрак, Түп районундагы Түп-Кеген унаа жолдору убактылуу жабылды. (KKs)

XS
SM
MD
LG